Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Түркиянын онколог-дарыгерлери Бишкекте бекер текшерүү жүргүзүшөт


16-17-майда Түркиянын “Acibadem” клиникасынын онколог дарыгерлери Бишкекте акысыз кеңеш беришет жана бейтаптарды текшеришет. Бул тууралуу аталган оорукананын веб-сайтында кабарланды.

Профессор Али Бүлент Антмен менен профессор Хатиже Ильген Шашмаз балдардын онкогематологиясына байланышкан оорулар боюнча адистешкен. Алар кыргызстандык кесиптештери менен өз тажрыйбаларын да бөлүшөт. 17-май күнү эки профессор балдардагы лейкемия, лимфома, апластикалык анемия сыяктуу дарттарын текшерет. Текшерүү Ахунбаев көчөсү №92 дарегиндеги Улуттук онкологиялык борбордун балдар бөлүмүндө эртең мененки саат ондо башталат.

Кыргызстанда жыл сайын балдар арасында айыкпаган кан оорулары жана залалдуу шишикке чалдыккандар көбөйүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG