Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

“Элдик парламенттин” лидери Бекболот Талгарбеков эки айга камалды


Бекболот Талгарбеков
Бекболот Талгарбеков

Анын адвокаты Тимур Жанаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Бекболот Талгарбеков эки айга 12-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында калды. Ушул тапта сот уюмдун мүчөлөрү Төрөбай Кулубаев менен Марат Султановдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Биринчи Май райондук сотунда кечээ 13-майда кармалган Нурлан Мотуевдин дагы иши каралууда.

12-майда интернетте “Элдик парламент” уюмунун лидерлери Төрөбай Кулубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов катышкан телефондук сүйлөшүү деген аудиотасма тараган. Ал тасмаларда бийликти күч менен алмаштыруу туурасында сөздөр айтылган. Ушул эле күнү кечке жуук бул жарандарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган. Алар мамлекеттик бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган, коомдук кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн деп шектелүүдө. Бул күнү "Элдик парламент" мүчөлөрү форум өткөрүп, анда президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, кетпесе 17-майда масштабдуу митинг өткөрөрүн, “Элдик парламентти” орусиялыктар колдой турганын айтышкан.

Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуев 12-майда өткөн "Элдик парламенттин" жыйынында өлкөгө шарият мыйзамдарын киргизип, Кыргызстанда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук тобунун можахеддериндей жашоого үндөгөнү айтылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG