Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Соңку маалыматтарга караганда 42 километр аралыкта чуркоодо баш бейгени Аман Момуналиев алды. Аялдар арасында биринчиликти Маргарита Трифонова, 10 чакырымда чуркоо боюнча эркектер арасында биринчиликти Жоодат Көчкөнбаев, аялдар арасында Жайнагүл Дегенбаева илип кетти. Ал эми 5 километр аралыкта Эржан Насырбеков жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөргө 1000 доллардын тегерегинде сыйлыктар берилди.

Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Run the Silk Road аттуу эл аралык марафон бүгүн Ысык-Көлдө аяктады.

Ага Орусия, Казакстан жана Европанын айрым өлкөлөрүнөн, Кыргызстандан миңден ашык киши катышты. Катышуучулар үч топко бөлүнүп, 10, 21, 42 чакырым аралыкта чуркашты. Були иш-чаранын максаты сергек жашоо образын үгүттөө менен аймакка чет элден туристтерди тартуу болду. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG