Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

ИМ тобунун жоочулары Сириядагы ооруканага кол салды


«Ислам мамлекети» террордук тобунун жоочулары

«Ислам мамлекети» террордук тобунун жоочулары

Дайр-эз-Заур шаарында болгон атышуу маалында өкмөттүк күчтөрдүн 35 жоокери жана 20 жоочу мерт болду. Бир нече медициналык кызматкер барымтага алынды.

Адам укуктарына көз салган Британиядагы Сириялык борбордун маалыматында өкмөттүк аскерлер бир нече саатка созулган атышуулардан кийин оорукананы өз көзөмөлүнө алышкан. Бирок барымтага алынгандардын тагдыры эмне болгону туурасында маалымат жок.

«Ислам мамлекети» террордук тобу Дайр-эз-Заур шаарынын жарымынан көбүн көзөмөлдөп турат жана ушул тапта аны толугу менен басып алууга аракет кылып келет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG