Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Нургазы Нью-Йоркко жетти


Нургазы (оңдо) АКШда
Нургазы (оңдо) АКШда

“Кыял”тасмасынын каарманы Нургазы Жакшылыкбек уулун Нью-Йоркко тасманын автору, "Азаттык" үналгысынын кабарчысы Уланбек Эгизбаев жана демөөрчү катары “Элим, барсыңбы” фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов коштоп барышты. Аларды бүгүн АКШдагы кыргыздар тосуп алды. Нургазы өмүрүндө биринчи жолу учакка түшкөнүн жана бул эстен кеткис сезим калтырганын билдирүүдө.

Нургазы Жакшылыкбек уулу тартылган “Кыял” тасмасы дүйнөлүк Webby Awards, башкача айтканда, Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип алган. Сыйлык тапшыруу аземи 16-майда Нью-Йоркто өтөт. Ал АКШга ушул салтанатка катышуу жөнөп кеткен. (AzK)

XS
SM
MD
LG