Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Анжиян кыргынына 11 жыл болду


Өзбекстан - Анжияндын көчөлөрүндөгү аскерлер. 17-май, 2005.
Өзбекстан - Анжияндын көчөлөрүндөгү аскерлер. 17-май, 2005.

Өзбекстандын Анжиян облусунда жүздөгөн кишинин өмүрүн алган калабага быйыл 11 жыл толду. 2005-жылы 13-майда демонстрацияга чыккан элди бийлик күч менен баскан.

Өзбек өкмөтүнүн маалымдашынча, 2005-жылы 10-13-май күндөрү демонстрацияны басуу учурунда 187 адам набыт болгон. Бирок көз карандысыз булактар булоондо андан көп адам өлгөн деп ырасташат.

2005-жылдын 13-май күнү Анжияндын ортосундагы Бабур аянтына толкуп чыккан адамдар Өзбекстанда тыюу салынган "Акрамия" кыймылынын мүчөсү, диний экстремист деп шектелген 23 бизнесменди түрмөдөн чыгарууну талап кылышкан.

Демонстрация учурунда аймактагы экономикалык жана социалдык абалдын начардыгына карата да нааразычылыктар айтылган. Расмий тарап берген версия боюнча 12-майдан 13нө караган түнү адамдардын тобу аскерий гарнизонго кол салып, ал жерден курал алып чыккан.

Андан соң Анжияндын түрмөсүнө кирип абактагыларды, анын ичинде демонстранттар талап кылган ишкерлерди бошотуп жиберген.

Буга жооп кылып шаарга өкмөттүк аскерлер танктардын жана тик учактардын коштоосунда киргизилген. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, алар 13-май күнү Анжияндын борбордук Бабур аянтына элдик толкундоого колдоо көргөзүү үчүн чогулгандарга ок ачкан. Аянтка келгендер арасында аялдар менен жаш балдар да болгон.

14-майда 600дөн ашык өзбекстандык Кыргызстанга качып өтүп, кийин БУУнун жардамы менен башка мамлекеттерге качкын катары жөнөтүлгөн.

Жүздөгөн адамдын өмүрүн кыйган Анжиян калабасынын 11 жылдыгына карата эл аралык Human Rights Watch адам укуктарын коргоо уюму Батыш мамлекеттерине кайрылып, 2005-жылкы кооганы унутпоого чакырды.

“Америка Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги жана башка эл аралык саясий топтор Анжиян кыргынына жооптуу Өзбекстан өкмөтүн жоопкерчилик алууга чакырышы зарыл”, - деп жазылат баяндамада. Анда өкмөт күчтөрү жайкын тургундардын жанын кыйганы айтылат.

Баяндама Борбор Азиядагы адам укуктары уюму, Чек арасыз кабарчылар, Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча эл аралык кызматташтык уюму, Кыйноолорго каршы христиандар кыймылынын билдирүүлөрүнүн негизинде даярдалган.

Эл аралык уюмдардын окуяга укуктук баа берүү талаптарын өзбек бийлиги аткарбай келет.

XS
SM
MD
LG