Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Кызмат учурунда каза тапкан милиция кызматкерлери эскерилди


Милиция кызматкерлери, Бишкек

Милиция кызматкерлери, Бишкек

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектеги эскерүү митингине укук коргоо кызматкерлери, ардагерлер жана каза тапкан кызматкерлердин жакындары катышты. Анда өсүп келе жаткан муун өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өмүрүн берген тартип сакчыларын унутпашы керектиги, алардын эмгеги, каармандыгы жаштар үчүн өрнөк болушу зарылдыгы айтылды. Иш-чарада каза тапкандардын элесине куран окулуп, эстеликтерине гүл коюлду.

Кыргызстанда эгемендик алган жылдардан ушул күнгө чейин кызмат учурунда 26 милиция кызматкери каза болгон. Алардын бардыгынын ысымдары ИИМдин ардак тактасына түшүрүлгөн. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG