Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

Орусияда Борбор Азиядан баргандарга виза режимин киргизүү сунушталууда


Москвада үч кишинин жанын кыйган тажик жана кавказ тектүү жарандардын мушташынан соң орус аткаминерлери Борбор Азиядан барган жарандарга виза режимин киргизүү демилгесин көтөрө башташты. Полиция 14-май күнкү каргашанын чоо-жайын иликтеп жатат. Анын жыйынтыгында мушташка катышкан тажикстандыктар Орусиядан депортацияланышы мүмкүн.

Федерациялык Кеңештин коопсуздук боюнча төрага орун басары Евгений Серебринников Борбор Азия мамлекеттерине, айрыкча Тажикстан менен Өзбекстанга виза режимин киргизүү зарылдыгын билдирди.

14-май күнү Москвадагы Хованский мүрзөсүндө тажик жана кавказ тектүү жарандар арасында жапырт мушташ чыгып, үч тажикстандык каза тапкан. Оор жараат алган 14 киши ушул тапта ооруканада. Мушташта ок атуучу курал да колдонулган. Полиция жүзгө чукул кишини кармаган.

Күбөлөрдүн айтымында, мушташка беш жүздөй адам катышкан. Бирок полиция 200дөй киши салгылашканын билдирди. Алар тажикстандык мигранттар менен Түндүк Кавказ аймагынын тургундары экени айтылууда. Мигранттар чеченстандык жана дагестандык жигиттер алардан акча талап кылганын, бербей коюшкандан кийин 15тей унаада курал менен келип, жаңжал салышканын белгилешүүдө.

Маалыматтарга караганда, адам өмүрүн кыйган мушташ катталган Хованский мүрзөсүндө 200дөй тажикстандык эмгектенет. Алар кабыр казып, таш кесип, көрүстөндү тазалап иштешет.

Тажикстандын менен Орусиянын ички иштер министрлери бул маселени телефондо сүйлөшүп, чогуу иликтөөлөр башталды.

XS
SM
MD
LG