Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Баку менен Ереван бири бирин ок атышпоо келишимин бузду деп күнөөлөдү


Азербайжан бийлиги өткөн бир суткада армян аскерлери 120 ирет ок атышпоо келишимин бузганын билдирди. Коргоо министрлиги тараткан кабарда армян тарап ири калибрлүү пулемет колдонгону айтылат.

Ага чейин Армениянын коргоо министрлиги азери күчтөрү түндүк-чыгыштагы чек ара аймагында курал колдонгонун маалымдаган. Азербайжандык снайпер аткан октон бир армян аскери жараат алганы айтылган.

Эки мамлекет ортосунда өзүн Тоолуу Карабак республикасы деп атап алган аймакта 2-апрелде салгылаш күчөп, Армения колдогон жикчил топ менен Азербайжан аскерлери кагылышкан. Андан ондогон адам набыт кетип, 5-апрелде ок атышпоо келишимине кол коюлган. Бир айдан ашуун убакыттан бери Ереван менен Баку тынчтык макулдашуусун бузду деп бири бирин айыптап келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG