Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Йеменде согушкерлердин кол салуусунан 25 киши мерт кетти


Йемендин Мукалла шаарында жекшемби күнү 25 кишинин өмүрүн кыйган жардырууга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Жергиликтүү булактар тараткан маалыматта курман болгондордун көбү полицияга жумушка орношуу аракетинде жүргөндөр экени айтылат.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун “Амак” деп аталган онлайн жаңылыктар агенттигинде жанкечти адам “шейит” болгону тууралуу кабарланды. Жанкечти куруна бекитилген бомбаны жардырган.

Мукалла шаары көптөн бери “Ал-Каида” тобунун согушкерлеринин борборуна айланган. Быйыл апрелде Йемен өкмөтү Бириккен Араб эмирлигинин жардамында калаадан жоочуларды сүрүп чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG