Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Өзбекстанда футбол клубун колдоо үчүн мугалимдерден акча жыйналууда


Наманган облусунун Төрө-Коргон районундагы мугалимдер “Навбахор” футбол клубун колдоо үчүн акча берүүгө мажбурланып жатышканын “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына билдиришти. Райондогу эки мектептин мугалимдери бышыктаган кабарга ылайык, акимчилик бардык мугалимдерге 15 миң сумга чейин “салык салган”. Бул сумма беш АКШ долларына жакын.

Арызда белгиленгендей, окутуучулардан алынган каражат футбол клубу үчүн курулуп жаткан атайын стадионго жумшалат.

Аталган футбол командасына салынчу стадионго бюджеттик мекемелерден мажбурлап акча жыйналып жатканы жөнүндө мурда да кабарланган болчу.

Бийлик тарап буга комментарий бере элек.

1974-жылы түзүлгөн “Навбахор” футбол клубу Наманган облусунун командасы эсептелет. 1992-жылдан бери өлкөнүн жогорку лигасында ойнойт.

XS
SM
MD
LG