Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

Армян жана азери президенттери Венада жолугушат


Тоолуу Карабактагы ыктыярчылар.

Тоолуу Карабактагы ыктыярчылар.

Армения президенти Серж Саргсян менен Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Венада бүгүн болчу жолугушуусунда Тоолуу Карабак чатагын чечүүнүн жолдору, элдешүү маселеси талкууланат.

Эки мамлекеттин президенттери 5-апрелде Тоолуу Карабактагы төрт күнгө созулган урушту токтотуу келишими күчүнө киргенден бери алгач ирет кездешүүдө. Ага АКШ, Орусия жана Франциянын өкүлдөрү да катышат.

Ок атууларды токтотуу жараяны өкүм сүрүп турганы менен, тараптар маал-маалы менен кагылышып, бири-бирин ок атышпоо келишимин бузду деп күнөөлөп келишет. Эки мамлекет ортосунда өзүн Тоолуу Карабак республикасы деп атап алган аймакта быйыл 2-апрелде уруш күчөп, Армения колдогон жикчил топ менен Азербайжан аскерлери согушту башташкан. Андан ондогон адам набыт кетип, 5-апрелде ок атышпоо келишимине кол коюлган.

Тоолуу Карабак чатагына совет доорунан бери чекит коюла элек.1988-94-жылдардагы куралдуу жаңжалда 30 миңге жакын адам набыт кетип, армян тектүү калк көп жашаган Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагы жикчилдердин колуна өткөн. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG