Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Крымда татарлардын жапырт көчүрүлүшүн эскерүү акциясы өттү


Крым полициясы.

Крым полициясы.

Сталиндин буйругу менен 1944-жылдын 18-20-майында 200 миңге чукул татарлар Крымдан күчтөп көчүрүлгөн. 15-майда бул окуяны эскерүү акциясына үч миңден ашык адам катышканын Крым жана Севостополь шаарынын мусулмандар башкармалыгы билдирди. Акцияда сөз сүйлөгөн жарым аралдын муфтийинин орун басары Айдер Исмаилов крым татарларын биримдикке чакырды.

1944-жылы крым татарлары Орто Азия, Сибирь жана Уралга мажбурлап көчүрүлгөн.

Быйыл апрелде Орусия аннексиялап алган жарым аралда крым татарлар межилиси экстремисттик уюм деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. АКШ, Евробиримдик, Украина жана Түркия Орусиянын бул кадамын айыптаган. Межилис өкүлдөрү муну “баскынчы мамлекеттин кезектеги” кылмыштуу кадамы катары баалаган болчу. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG