Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Жарандык активисттер укук коргоочуларды колдогон акцияга чыгышат


Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

Жарандык коомдун өкүлдөрү бүгүн Бишкектеги Ак үйдүн алдында укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилованы колдогон акция өткөрүшөт. Бул тууралуу “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын өкүлү Аида Байжуманова билдирди. Акцияда президент Алмазбек Атамбаевдин укук коргоочулардын дарегине карата сүйлөгөн сөздөрүнө нааразылык айтылат.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелерди куттуктап жатып, "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" катары баалап, алардын 12-майдагы жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган. Укук коргоочулар бул айтылгандарга нааразылык иретинде, президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроону талап кылышууда. Ошондой эле президентти Конституцияны сактоого чакырышып, кайсы бир жарандын айыбы сот менен далилденерин, ансыз жалаа жаап, айыптоого эч кимдин укугу жогун белгилешкен. Укук коргоочулар 16-майга чейин жооп күтөрүн, эгер президент алардын билдирүүсүнө жооп бербесе, сотко кайрыларын билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG