Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Кыргызстанда музейлер жумалыгы өтөт


Кыргызстандагы суу музейи.
Кыргызстандагы суу музейи.

Музейлер жумалыгы 18-майдан тартып башталат. Иш-чара быйылкы Тарых жана маданият жылына жана музейлердин эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция кабарлагандай, бул саамалыкты утурлай өлкө боюнча бардык музейлерде ар кандай иш-чаралар өтүүдө.

Гапар Айтиеев атындагы көркөм сүрөт музейинде 1916-жылдагы кайгылуу окуяларга арналган көргөзмө, Юристанбек Шыгаевдин “Үркүн 1916” жеке көргөзмөсү, “Чыгыш” рухий маданиятты өнүктүрүү фондунун “Ыйман” жана “Энелер күнүнө” арналган көргөзмөлөрү ачылган. Фрунзе атындагы мемориалдык үй музейинде жана башка музейлерде, аймактарда да маданий иш-чаралар башталды. Дүйнөлүк музейлер күнү 18-майда белгиленет. Ушул тапта Кыргызстанда 54 музей бар. (NT)

XS
SM
MD
LG