Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:01

Укук коргоочулар президенттик кортеж өтө турган жерде акция өткөрүүдө


Ушу тапта жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар Ак үйдүн жанында акция өткөрүп жатат. Алар президенттик кортеж өтө турган жерге чогулуп, бийлик жетекчилигине өз пикирин билдирүүгө аракеттенүүдө.

"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдаганыа караганда, 20 чакты адам чогулуп турат. Алар укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы колдогон акцияга чыкты.

Колуна "Байкоо жүргүзүү кылмыш эмес" деген жазууларды кармап турушат.

Акцияда президент Алмазбек Атамбаевдин укук коргоочулардын дарегине карата сүйлөгөн сөзүнө нааразылык айтылууда.

14-майда президент Энелерди куттуктап жатып, "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" катары баалап, алардын 12-майдагы жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Укук коргоочулар бул айтылгандарга нааразылык иретинде президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроону талап кылууда.

Ошондой эле президентти Конституцияны сактоого чакырып, кайсы бир жарандын айыбы сот менен далилденерин, ансыз жалаа жаап, айыптоого эч кимдин укугу жогун белгилешкен.

Укук коргоочулар 16-майга чейин жооп күтөрүн, эгер президент алардын билдирүүсүнө жооп бербесе, сотко кайрыларын айтууда. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG