Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл инспекциясынан кабарлашкандай, Казакстанга картошка ташууну калыбына келтирүү боюнча казак тарап менен сүйлөшүү бүгүн Кордайда өтөт.
4-майда Казакстан Кыргызстандын келчү картошканын илдети бардыгын ырастап, аны өз аймагына киргизүүдөн баш тарткан. Казак базарына жашылчаны ташып баруу боюнча Астана менен сүйлөшүүлөр өткөн аптада да жүргөн. Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Казакстанга 2 миң тоннага жакын картошка экспорттолгон, анын 113 тоннасы кайтарылган. (NT)