Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Укук коргоочулар мамлекет башчыны сотко берет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Ал Ак үй алдындагы нааразылык акциясына катышууда.

"Президент бизден расмий түрдө кечирим сурап, айткан сөзүн жокко чыгарбаса, анда биз аны сотко беребиз. "Кылым шамы" 2003-жылдан бери ар кандай жыйындарга мониторинг жүргүзүп келатат. Атамбаевдин бул жолку билдирүүсүн жөн гана айтылып кеткен сөз катары кабыл алып, көңүл бурбай коёлу дегенбиз. Бирок ал сөзү расмий сайтында жарыяланып турат. Демек, бул алдын ала даярдык менен айтылган пикир. Биз ошого нааразы болуп жатабыз" деди Абдирасулова.

"Элдик парламент" деген жаңы түзүлгөн оппозициялык уюмдун лидерлери өткөн аптада бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган. Бул уюмдун 12-майда Бишкекте өткөн жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Укук коргоочулар бул айтылгандарга нааразылык иретинде президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроону талап кылууда. Алар оппозициянын жыйынына мониторинг кылуу үчүн катышканын айтып жатат.

Ушу тапта жарандык коом өкүлдөрү Ак үй алдында пикет өткөрүүдө. Кабарчыбыздын билдирүүсүнө караганда, 20 чакты адам катышып жатат. (ZKo/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG