Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Укук коргоочуларды коргоо акциясы уланууда


Ушу тапта Ак үйдүн алдында укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилованы коргоо акциясы өтүп жатат. Ага 20 чакты адам катышууда. Акцияны уюштурган жарандык коом өкүлдөрү менен бирге иш-чарага эки укук коргоочу өзүлөрү да катышып жатат.

"Алар колуна "Байкоо жүргүзүү - кылмыш эмес", "Конституцияны сактагыла!", "Каралоону токтоткула!" деген жазууларды кармап турат.

Акциянын катышуучулары президенттик кортеж өтө турган жерге жакын туруп, президенттин көңүлүн бурууга аракет кылышты, бирок майнап чыкпаганын айтууда.

"Элдик парламент" деген жаңы түзүлгөн оппозициялык уюмдун лидерлери өткөн аптада бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган. Бул уюмдун 12-майда Бишкекте өткөн жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Укук коргоочулар бул айтылгандарга нааразылык иретинде президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроону талап кылууда. Алар оппозициянын жыйынына мониторинг кылуу үчүн катышканын айтып жатат. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG