Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Көчөгө коюлган пианинону милиция алып кетти


"Ата-Мекен" партиясынын жаштар канатынын шаардыктарга тартууланган белеги.

"Ата-Мекен" партиясынын жаштар канатынын шаардыктарга тартууланган белеги.

Бишкекте Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине коюлган пианинону милиция алып кетти. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин "Азаттыкка" айтуусунда, учурда ал Свердлов райондук милициясынын короосунда турат.

Осмонбаевдин билдиргенине караганда, милицияга Башкы почтамттын кароолчусу чалып, пианинонун капкагы скотч менен чапталып турганын, балким ичинде бомба болушу ыктымал экенин айткан.

Пианинону 12-майда почтамттын алдына "Ата-Мекен" партиясынын жаштар канаты шаардыктарга жакшы маанай тартуулоо, каалоочулар ойноп туруусу үчүн койгон. Партиянын өкүлдөрүнүн айтымында, Башкы почтамттын күзөт кызматына пианино тууралуу маалымат берилген.

Учурда пианинону шаардын башка жерине кайра алып барып коюу маселеси чечилүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG