Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:28

Нурлан Мотуевдин баш коргоо чарасы аныкталды. 14-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.

12-майда Мотуев "Элдик парламент" уюмунун жыйынына катышкан. Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгы ага карата "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, 13-майда кармалган.

Былтыр 27-мартта УКМК Мотуевге "конституциялык тузүлүштү өзгөртүүгө чакырык жасаганы жана улут, раса, диний, аймак аралык кастыкты козутканы үчүн" деген негизде расмий түрдө эскертүү берген.

Нурлан Мотуев "Элдик-патриоттук кыймыл" уюмун жетектейт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG