Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Кореядагы волейбол боюнча мелдеште Кыргызстан командасы жеңишке жетти


Волейбол боюнча Кореядагы Кыргызстандын командасынын оючулары. 15-май 2016-ж. Инчхон.
Волейбол боюнча Кореядагы Кыргызстандын командасынын оючулары. 15-май 2016-ж. Инчхон.

Кореянын Инчхон шаарында өткөн чет өлкөлүктөр арасындагы спартакиадада волейбол боюнча мелдеште Кыргызстандын командасы биринчи орунду алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Биримдик" коомдук уюмунун төрагасы Улукбек Абдырахманов билдирди. Маалыматка караганда, мелдеш 15-майда аяктап ага 10 өлкөнүн командалары катышкан.

Кореяда билим алган кыргызстандык студент Нурсултан Алтыбаевдин айтуусунда, Кореядагы "чет мамлекеттиктерди колдоо" уюму аркылуу уюштурулган спартакиада төрт жылдан бери өткөрүлөт. Ага бул өлкөгө контракттык негизде жумушчуларын жөнөткөн 15 мамлекеттин жарандары катышып спорттун волейбол, жеңил атлетика жана сепактакрау (эки команданын оюнчулары топту буту жана башы аркылуу торду ашырып ойношот) боюнча таймашат. Кыргызстандыктар эстафеталык чуркоо жарышына да катышып экинчи орунду алышкан.

Кыргызстандын командасы "чет мамлекеттиктерди колдоо" уюму аркылуу уюштурулган спартакиадага быйыл үчүнчү жолу катышты. Спартакиаданын волейбол боюнча мелдештеринде буга чейин эки жолу экинчи орунду камсыздашкан. (ECh.)

XS
SM
MD
LG