Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Кабулда хазарлардын нааразылык акциясы өтүүдө


Кабулда миңдеген хазарлар нааразылык акциясына чыгышты.
Кабулда миңдеген хазарлар нааразылык акциясына чыгышты.

Ооганстандагы хазар этникалык азчылыгынын миңдеген өкүлдөрү бүгүн Кабулда нааразылык акциясына чыгышты. Алар бир нече миллиондогон доллар турган энергетикалык долбоордун курулушуна нааразы. Хазарлардын лидерлери Түркмөнстан менен Кабулду байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр зымдары хазарлардын басымдуу бөлүгү байырлаган Бамиан провинциясы аркылуу өтүшүн талап кылышууда.

Алгач бул жогорку чыңалуудагы электр зымдары Бамиан провинциясы аркылуу өтөрү мерчемделген. Кийин өкмөт анын маршруттун өзгөртүп, Кабулга жакын Саланг бели аркылуу өтчүдөй кылып алмаштырган. Бийлик муну менен миллиондогон долларлар үнөмдөлөрүн билдирген.

Ондогон ооган провинцияларын электр энергиясы менен камсыздай турган бул долбоор ТУТАП энергетикалык долбоорунун бир бөлүгү. ТУТАП Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларынын кайсы бир бөлүктөрүн байланыштыра турган ири долбоор.

Исламдын шийи багытын карманган хазарлар 30 миллиондой ооган калкынынын 10 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG