Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Президент Ысык-Көлдүн жайкы сезонго даярдыгын талкуулады


Ысык-Көл облусунун жетекчилиги быйылкы туристтик сезонду жана Көчмөндөр оюнун жогорку деңгээлде өткөрүүгө бардык аракетин көрүшү керек. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевди кабыл алганда айтты.

Акибаев облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, туристтик сезонго даярдыгы, инвестор тартуу иши жана быйыл сентябрда өтө турган экинчи Көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев туристтердин саны жылдан жылга өсүп келатканын, аларды тейлөө ишин азыркыдан да жакшыртуу керек экенин, Көчмөндөр оюнун мыкты деңгээлде уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG