Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Бир күндө эки аял димедрол ичип жанын кыюуга аракет жасады


Бишкекте бир сутка ичинде эки аял димедрол ичип, өз жанын кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу бүгүн шаардын "Тез жардам" кызматынан кабарлашты.

Кечээ кечинде Чоң Чүй каналы менен Алматы көчөсүнүн кесилишкен жериндеги үйлөрдүн биринде 27 жаштагы келин күйөөсү менен уруша кетип, 50 димедрол ичип алган.

Ал эми Фурманов көчөсүндө 32 жаштагы аял 20 даана димедрол ичип, өз жанын кыюуга аракет кылган.

Учурда экөө тең №4 оорукананын токсикология бөлүмүндө дарыланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG