Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

“Чек арасыз кабарчылар” РБКдагы журналисттердин бошотулушун сынга алды


РБК – Орусия маалымат мейкининдеги ири мультимедиа холдинги.
РБК – Орусия маалымат мейкининдеги ири мультимедиа холдинги.

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” укук коргоо уюму Орусиядагы көз карандысыз РБК (РосБизнесКонсалтинг) медиа компаниясындагы редакторлордун жумуштан бошотулушун кескин сынга алды.

Уюм тараткан билдирүүдө “РБКнын башкы редакторлорун иштен бошотуу менен Орусиядагы көз карандысыз журналистикага чоң сокку урулду” деп айтылат.

13-майда холдингдин жетекчилиги РБК гезитинин башкы редактору Максим Солюсту, холдингдин шеф-редактору Елизавета Осетинскаяны жана РБК маалымат агенттигинин башкы редактору Роман Баданинди иштен алган.

Мындай чечим РБКда “Орусия президенти Путиндин Геленжик сарайында деңиз жаныбарлары өстүртүлөт” деген макала чыккан соң кабыл алынганы маалымдалууда.

Бирок, Кремль журналисттердин иштен бошотулушуна бийликтин тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РБК жеке менчик холдинг экендигин, ал жактагы чечимдерди жетекчилик жана кожоюндар гана кабыл аларын айтты.

РБК – Орусиянын маалымат айдыңындагы ири мультимедиа холдинги. Ал көбүнесе саясий жана экономикалык маалыматтарды таратат жана аналитикалык материалдарды жарыялайт.

XS
SM
MD
LG