Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 14:20

Хованский көрүстөнүндөгү мушташ боюнча бир полициячы камалды


14-май күнү Хованский көрүстөнүндө тажик жана кавказ тектүү жарандар арасында жапырт мушташ чыгып, үч киши набыт болгон.

Москвадагы Хованский көрүстөнүндөгү жапырт мушташ боюнча Хамовники районунун күзөт кызматынын полиция кызматкери камакка алынды. Бул маалыматты Орусиянын тышкы иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгына шилтеме берип ТАСС агенттиги жазды.

Андан тышкары Хованский көрүстөнүнүн мурдагы директору Юрий Чабуев да кармалганы кабарланууда. Азырынча бул маалымат расмий ырастала элек.

14-май күнү Москвадагы Хованский көрүстөнүндө тажик жана кавказ тектүү жарандар арасында жапырт мушташ чыгып, үч киши набыт болгон. Үчөө тең тажикстандыктар экени расмий бышыкталды. Мушташта ок атуучу курал да колдонулуп, айрымдар жараат алганы кабарланган.

Күбөлөрдүн айтымында, мүрзөдө иштеп жаткан тажикстандык мигранттарга белгисиз топ келип кол салган жана акча талап кылган. Окуя боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери башталды.

Кагылышуу болуп жаткан жерге келген полиция токсондон ашуун кишини кармап кеткен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG