Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Президент "Тумар КР" бийчилер тобуна каржылык жардам бөлдү


Президент менен жолугушуу

Президент менен жолугушуу

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков менен «Тумар КР» тобунун мүчөлөрү Айбек Мирбеков жана Өмүрбек уулу Баяманды кабыл алды.

Мамлекет башчы алар менен сыймыктанарын, өз өлкөсүнүн атагын чыгарган таланттуу, күчтүү жаштарды ар дайым колдоорун айтты.

Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев «Тумар КР» бийчилер тобунун Лондондо өтө турган Britain’s Got Talent телевизиондук сынагына катышуусуна каржылык жардам бөлгөнү белгилүү болду.

Атай Өмүрзаков жана ал негиздеген "Тумар КР" тобу буга чейин бир нече эл аралык таймаштарга катышып, жакшы жыйынтык көрсөтө алды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG