Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Акун: Митингге тыюу салууга эч кимдин укугу жок


Кыргызстанда митинг өткөрүүгө тыюу салууга эч кимдин укугу жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Элдик парламент" уюмунун митингине байланыштуу райондук бийликтин чечими боюнча пикирин айткан укук коргоочу, Кыргызстандын мурдагы омбудсмени Турсунбек Акун билдирди.

- 2010-жылы биз жаңы Конституция кабыл алдык. Анда ар ким тынч жыйын өткөрүүгө укуктуу деп жазылган. Ак үй Биринчи Май райондук акимчилигинин колу менен тыюу салып, мыйзамды бузууда. Мен Талгарбековдорду колдогон жерим жок. Бирок аларды камоо жана митингине тыюу салуу мыйзамсыз деп эсептейм. Тескерисинче, кое бериш керек болчу. Алар 20 миң киши чыгат деп жатып 1 миң киши чыгара албай уят болушмактыр...

Өткөн аптада бир ай мурда түзүлгөн "Элдик парламент" уюмунун лидери Бекболот Талгарбеков баштаган бир нече адамдыкы деген аудиотасма Интернетте тараган. Анда сүйлөшүп жаткандар азыркы бийлик 17-майда кулатылаарын айтышат. Ошол эле күнү УКМК аларга карата кылмыш иш козгоп, камакка алган.

11-майда "Элдик парламент" 17-майда 50 миң киши катыша турган митингди Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө уруксат сурап Бишкек мэриясына кайрылган. Биринчи Май райондук акимчилиги митингди борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салып, башка жерди караштырууну сунуштады.

Уюмдун мүчөсү Расул Умбеталиевдин айтымында, митинг Жеңиш аянтында өтмөй болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG