Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

"Кыйноолорго каршы коалиция" президент Атамбаевге протест билдирди


"Кыйноолорго каршы коалиция" уюму президент Алмазбек Атамбаевдин 14-майда укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова тууралуу айткан сөзүнө каршы протест билдирди. 18 бейөкмөт уюмду бириктирген коалициянын билдиргенине караганда, мамлекет башчы эки укук коргоочуну мекенине чыкканчылык кылды деп кыйыр түрдө айыптады.

"Укук коргоочунун иши көп учурда мамлекет жетекчилеринин саясатын, ишмердүүлүгүн сындоо менен байланыштуу болот. Бирок буга негативдүү мамиле жасоо туура эмес" деп айтылат коалиция бүгүн тараткан билдирүүдө.

"Элдик парламент" деген жаңы түзүлгөн оппозициялык уюмдун лидерлери өткөн аптада бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган. Бул уюмдун 12-майда Бишкекте өткөн жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаган.

Укук коргоочулар бул айтылгандарга нааразылык иретинде президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроону талап кылууда. Алар оппозициянын жыйынына мониторинг кылуу үчүн катышканын айтышууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG