Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Өзбекстанда сел үч адамдын өмүрүн алды


Өзбекстандын Наманган облусунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, үч кишинин өмүрүн алып кетти. Расмий маалыматтарга караганда, Поп районунун Чодак деген айылындагы бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү табият кырсыгында көз жумду.

16-майга караган түнү жааган катуу жамгырдан улам сел жүрүп, айылдагы 28 үйдү жууп кеткен. Облустук акимчилик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана прокуратура өкүлдөрүнөн турган атайын топ кырсык келтирген зыянда иликтеп жатат.

Өткөн жумада Тажикстандын Согди облусунда да катуу жаан үч кишинин өмүрүн алган эле.

Ушул күндөрү Кыргызстанда да катуу жаан-чачын болуп, мал-жандыктарды агызып кеткен учурлар катталууда.

XS
SM
MD
LG