Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

"Элдик парламент" митинг уюштурат


Бүгүн “Элдик парламент” кыймылынын митинги Бишкектеги Жеңиш аянтында өтөт. Бул үчүн тиешелүү уруксат кагаздары алынганын кыймылдын мүчөсү Расул Умбеталиев “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин "Элдик парламент" 17-майда Ала-Тоо аянтында чоң жыйын болорун, ага 50 миң адам катышарын жарыялаган. Митинг өткөрүү үчүн уруксат сурап шаар бийлигине кайрылышкан. Бирок Бишкектин Биринчи Май райондук акимчилиги элдин тынчтыгы жана коопсуздугу сакталышы керек деген жүйө менен ага макул болгон эмес.

Апрелде түзүлгөн “Элдик парламент” уюму 12-майда форум уюштуруп, 17-майга чейин президент Алмазбек Атамбаев отставкага кетсин деген талап коюп, антпесе митингге чыгарын билдиришкен. Бул жыйындан кийин Улуттук коопсуздук комитети анын лидерлери - Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановго “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген берененин негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алды. Президент Атамбаев энелерди майрамы менен куттуктап жатып, "Элдик парламенттин" айткандарын катуу сындап, лидерлерин "эл бузарлар" деп атаган. Кыймылдын бүгүнкү митингине канча адам келери белгисиз. (NT)

XS
SM
MD
LG