Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

"Центерранын" директорлор кеңешине мүчөлөр шайланат


Бүгүн «Кумтөр» кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясынын акционерлери жылдык жыйынга чогулуп, директорлор кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш беришет. Мындай чечим 4-майда Торонтодогу жыйын учурунда “Центерра Голд” жалдаган көз карандысыз консалтингдик компаниялардын сунушу менен кабыл алынган.

Кыргызстан директорлор кеңешине мүчөлөрдү алмаштырууну чечип, Эдуард Кубатов, Нурлан Кыштобаев жана Бектур Сагыновдун талапкерлиги тандалып, жыл башында “Центеррага” сунушталган. Компаниянын ички эрежелери боюнча алардын талапкерлиги акционерлердин жалпы жыйынында бекитилүүгө тийиш.

Буга чейинки директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мүчөлөрүнө өздөрүнө тагылган милдеттерди толук аткара албады деген сын айтылган.

Кумтөр кенинин айланасындагы талаш 2011-жылдан бери уланып келет. Өткөн аптада Бишкек шаардык район аралык сотунда "Кумтөр” компаниясына төрт жылдан бери коюлуп келаткан экологиялык доо боюнча жараян башталды. Кыргыз тарап 2012-жылдан кен казуудан келтирилген экологиялык зыян 7 миллиард сомго жеткенин айтууда. Кыргызстан “Кумтөрдөгү” акциялардын 32,1 пайызына ээ. (NT)

XS
SM
MD
LG