Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Нөшөр жаандан айрым райондорду суу каптады


Cел.
Cел.

Бишкек шаарынын жана Ош облусунун айрым райондорун кечээ нөшөр жаандан кийин суу каптады.

Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунан өткөн ички ирригациялык каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, короо жай жана жертөлөлөргө суу кирди.

Ак-Ордо жаңы конушунун Ырыскы жана Седеп көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан суу өтүүчү арыктарды орнотууда курулуш нормалары жана эрежелери сакталбай калгандыктан жолдун жээгиндеги үйлөрдү суу каптады.

Ал эми Ош облусунун Араван районунун Түрк айылында адырлардан түшкөн сел суусу 8 кожолуктун помидор, жүгөрү жана картошка эгилген 5 гектар үлүш жерин сел каптаган.

Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен шамал бала бакчанын 20 даана шиферин, турак үйлөрдүн 185 куб метр чатырын рейкасы менен учуруп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG