Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

"Элдик парламенттин" саат 10го белгиленген митинги баштала элек


Бишкек. Жеңиш аянты. 17/05/2016

Бишкек. Жеңиш аянты. 17/05/2016

"Элдик парламент" оппозициялык уюмунун бүгүн сатт 10:00го пландалган митинги азырынча баштала элек. "Азаттыктын" кабарчысынын айтуусунда, иш-чара Бишкектин Жеңиш аянтында өтмөк. Бирок азыр ал жерде журналисттерден жана коопсуздукту коргоо үчүн келген күч кызматкерлеринен башка эч ким жок.

"Элдик парламент" уюму бир ай мурда түзүлгөн. Өткөн аптада алардын лидерлериники деген телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиосу интернетте тараган. Анда 17-майда Кыргызстанда бийлик кулатылары, өкмөт башчылыкка алардын өкүлү келери тууралуу сөз жүрөт.

Көп өтпөй УКМК бул уюмдун лидерлерине карата "бийликти күч менен басып алуу аракети" деген берененин негизинде кылмыш иш козгоп, камакка алган. Бирок "Элдик парламент" бийликтин кылганы мыйзамсыз экенин айтууда. (RK/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG