Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Орусиялык атайын кызмат тууралуу купуя маалыматтар ачыкка чыкты


Ходорковский "Ачык Орусия" он-лайн маалымат жыйынында.
Ходорковский "Ачык Орусия" он-лайн маалымат жыйынында.

Орусиялык ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковскийдин “Ачык Орусия” коомдук кыймылы 16-майда швейцариялык чалгындын маалыматтарын жарыялады. Анда советтик доордогу Орусия жана КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын криминалдык чөйрө менен байланышы жазылган.

Швейцариялык Анализ жана алдын алуу кызматынын жашыруун отчету 2007-жылы июнда чыгарылган. Анын авторлору атайын кызматтын криминалдык топтор менен байланышы күмөнсүз экенин, жаратылыш ресурстарын чет өлкөгө экспорттоодо укук коргоо органдары менен кылмыштуу топтор биргелешип иштегенин жазышкан.

Маалыматка караганда, КГБ менен криминалдардын байланышы ГУЛАГ мезгилинде башталган, ал учурда атайын кызмат лагерлердеги жагдайды көзөмөлдөп туруу үчүн кылмышкерлерди пайдаланган. Абал Cоветтер Cоюзу кулагандан кийин өзгөргөнү отчетто белгиленген. Мындан тышкары Cовет бийлиги тушунда "мыйзамдагы ууру" атка конгондорго мыйзамдуу ишкердик менен алектенүүгө жол берилбегенин, 1990-жылдарда криминалдык төбөлдөр легалдуу бизнес түптөп алганы тууралуу маалыматтар камтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG