Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Жарандык активисттер бийликти диалогго чакырды


Бейөкмөт уюмдардын пикети.

Бейөкмөт уюмдардын пикети.

Кыргызстандагы жарандык активисттер президентти, Жогорку Кеңешти жана өкмөттү диалогго чакырууда. Бүгүн таратылган кайрылууга активисттер Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева, Рита Карасартова, Гүлзада Медералиева жана башкалар кол койду. Кол чогултуу уланууда.

Кайрылууда жумушсуздук күчөп, күч органдарына элдин ишеними азайганы, жол, чек ара коопсуздугу, алдыдагы эки ири шайлоо жараяны сыяктуу маселелер турганда бийлик менен жарандык коом кайым айтышуунун ордуна биригип, чогуу аракеттенүүсү керектиги айтылат.

- Тилекке каршы, Конституцияда жазылган бийлик менен элдин биримдигин камсыздоонун ордуна президент жана анын аппараты жарандык секторго карата эмоцияга алдырып, белгилүү укук коргоочуларга куру жалаа жаап жатат. Укук коргоочу адам укугуна коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон бардык жерде, анын ичинде митинг жана жыйындарда мониторинг жүргүзүүгө акылуу, - дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Кайрылууда ошондой эле Евробиримдик Кыргызстанга соода-сатык боюнча берген ВСП+ макамынын келечегин түшүндүрүү максатында Жогорку Кеңеште парламенттик угуу өткөрүү зарылчылыгы да белгиленген.

Өткөн аптада "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG