Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Бишкекте күйөөсүнөн таяк жеген келин ооруканадан баш тартты


Бүгүн Бишкектеги Чыгыш - 5 кичи районунда күйөөсүнөн катуу таяк жеген аял медициналык жардамдан баш тартты. "Тез жардам" кызматынан кабарлашкандай, 103 номуруна таңга жуук телефон чалып, аялдын оозунан жана мурдунан кан токтобой жатканын айтышкан.

Дарыгерлердин билдиргенине караганда, 22 жаштагы жабыркаган келин күйөөсү сабаганын айтып берген. Анын баш мээси чайкалып, мурду сынды деген диагноз коюлган. Бирок ал ооруканага жатуудан баш тартты.

Укук коргоочулардын айтуусунда, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин саны азайбай келет.

Кечээ, 16-майда Бишкекте эки келин димедрол ичип, өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Аларды дарыгерлер сактап калган. (RK)

XS
SM
MD
LG