Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Македонияда оппозиция шайлоого бойкот жарыялады


Никола Груевски (ортодо).
Никола Груевски (ортодо).

Македонияда 16-майдан тарта расмий түрдө парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө жол ачылды. Шайлоо 5-майда өтөт. Ага катышууга жалгыз гана “Македониянын улуттук биримдиги үчүн” демократиялык партиясы катышат. Анын лидери - мурдагы премьер-министр, консерватор Никола Груевски.

Оппозициядагы Социал-демократтар партиясы шайлоого бойкот жарыялап, муну ачык жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө эч кандай шарт жок экендиги менен түшүндүрдү. Андан тышкары, мамлекеттеги албан улуттук азчылыктарынын кызыкчылыгын көздөгөн эки партия да бойкотко кошулуп, талапкерлер тизмесин берүүдөн баш тартты.

Европа биримдиги жана АКШ шайлоо өткөрүү мөөнөтүн башка убакытка жылдырууну сунуштаган.

АКШ элчилиги шайлоого бир эле партиянын катышуусу элдин бийликке ишенимин жоготорун билдирди.

Македонияда 2015-жылдын февралында бийлик өкүлдөрүнүн чуулгандуу телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыгып, андан бери өлкө саясий кризистен чыга албай келатат.

XS
SM
MD
LG