Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Келерки жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тили боюнча тест тапшырат


Ош. Мектеп окуучулары.
Ош. Мектеп окуучулары.

2017-жылдан тарта Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тили боюнча милдеттүү түрдө тест тапшырат. Бул тууралуу бүгүн Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Бүгүнтөн тарта 20-майга чейин Бишкектин орто мектептериндеги 10-класстын окуучулары тесттин алгачкы сынагынан өтүп жатышат.

Бүтүрүүчүлөрдүн кыргыз тилинин лексикасы менен грамматикасын туура колдонуу, окуу, түшүнүү, оюн оозеки жана жазуу түрүндө түшүндүрө билүүсү бааланат.

2017-жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттүү деген программа өкмөттө 2014-жылы кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG