Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

АКШ басылмасы орус спортчуларын Олимп оюндарына кошпоого чакырды


Сочидеги Олимп оюндары учурундагы текшерүү.
Сочидеги Олимп оюндары учурундагы текшерүү.

АКШда басылчу “Чикаго Трибюн” гезити орусиялык спортчуларды быйыл августта Рио-де-Жанейродо өтчү Жайкы Олимп оюндарына катыштырбоо чакырыгын жарыялады. Макалада адал жол менен катышып жаткан спортчуларды коргоо максатында ушундай чара көрүлүүсү зарыл экени белгиленет.

Сочиде 2014-жылы өткөн Олимп оюндарында байгелүү орундарды ээлеген 15 спортчу кызытма дарыларды колдонуп, ийгиликке жеткени тууралуу 12-май күнү The New York Times гезити жазып чыккан. Басылмага маалыматтарды Орусиянын допингге каршы лабораториясынын мурдагы башчысы Григорий Родченков берген. Анын айтуусунда, допингге каршы лаборатория 100гө жакын спортчунун анализдерин жашыруун алмаштырган.

Родченковдун айткандарын Орусиянын спорт министри Виталий Мутко “болбогон сөз” деп атаган жана Эл аралык допингге каршы уюм текшерүү өткөрүүсү керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG