Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:38

Президент тышкы саясатты талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алып, өлкөнүн тышкы саясатындагы иштерди талкуулады. Министр быйыл күзүндө Бишкекте өтө турган бир катар ири эл аралык жыйындарга даярдык тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчы тышкы саясаттагы негизги багыттар жана күзгү иш-чараларга даярдыктын сапаты боюнча тапшырмаларды берди.

Быйыл сентябрда Бишкекте КМШ мамлекеттеринин президенттеринин 25-юбилейлик саммити, Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жыйыны жана экинчи Көчмөндөр оюну өтөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG