Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Домодедово кожоюну теракттан жабыркагандарга кун төлөйт


Дмитрий Каменщик

Дмитрий Каменщик

Москвадагы Домодедово аэропортунун кожоюну Дмитрий Каменщик 2011-жылы теракттан жабыркагандарга кун төлөй турган болду. Теракт учурунда 200дөн ашуун адам жабыркап, анын 40ка жакыны 50 миллиондон 700 миллион рублга чейинки суммага доо арыз беришкен.

Кенемте төлөө үчүн атайын фонд түзүлмөкчү. Каменщиктин аны төлөп берүүгө макул болгондугу, аэропорттун менеджерлерине козголгон кылмыш ишин токтотууга көмөкчү болушу ыктымал экендиги кабарланууда.

Дмитрий Каменщик февралдан тартып үй камагында. Ал 2011-жылдын 24-январындагы терактка байланыштуу коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген кызмат көрсөткөндүгү үчүн айыпталууда.

Теракт учурунда 37 адам каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG