Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Борбор Азиядагы Америка университетинде эки жаңы факультет ачылат


Борбор Азиядагы Америка университети 1993-жылы ачылган

Борбор Азиядагы Америка университети 1993-жылы ачылган

2016-2017-окуу жылынан тарта Борбор Азиядагы Америка университетинде Телевидение, кино жана визуалдык өнөр, Колдонмо геология аттуу эки факультет ачылат. Бул тууралуу аталган университеттин Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Динара Орозбаева кабарлады.

Факультеттердин ачылыш аземи 19-майда болот. Ага кинорежиссер Геннадий Базаров, теле алып баруучу Айнура Кабатай кызы, режиссер Темир Бирназаров, геология боюнча адис, гидрогеолог Жээнбек Куленбеков, Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов катышат.

Аталган окуу жай Бишкекте 1993-жылы ачылган. Учурда анда билим берүү бакалавриат боюнча 14, магистрлик үчүн 4 программанын негизинде жүргүзүлөт. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG