Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 06:50

Ош мэрлигине эки талапкер ат салышууда


Ош шаарынын мэрлигине эки талапкер ат салышууда. Бүгүн алар мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырып, ийгиликтүү өттү.

Облустук шайлоо комиссиясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, азыркы мэр Айтмамат Кадырбаевден тышкары бул кызматка талакер катары "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан ишкер Алишер Мойдунов катталды.

Талапкерлерди каттоо бүгүн 18:00дө аяктайт.

Кадырбаевди Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуштаган.

Мэр шайлоо Ошто 25-майда өтөт. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG