Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Балбай Алагушевдин 80 жылдыгы белгиленүүдө


Балбай Алагушев.
Балбай Алагушев.

Бүгүн Бишкекте Кыргыз эл артисти, музыка таануучу, Коомдук телерадиокорпорациянын "Алтын фондун" негиздегендердин бири Балбай Алагушевдин 80 жылдык юбилейине карата куттуктоо кечеси өттү. Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Композиторлор союзу жана КТРК уюштурган.

Кечеде Алагушевдин эмгеги, өлкө маданиятына кошкон салымы тууралуу кеңири кеп болду.

Иш-чара "Устат - шакирт" салттуу музыка борборунун концертинин коштоосунда өттү.

Кыргыздын көркөм өнөрүн, музыкасын, фольклордук мурасын иликтеген көрүнүктүү журналист, өнөр таануучу, Балбай Алагушев 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.

1959-65-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинде бөлүм башчы болгон.

1965-85-жылдары Илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу секторунда илимий кызматкер болуп иштеген.

1985-1998-жылдары "Кыргызстан", "Адабият" басмаларында бөлүм башчы болгон.

1997-2010-жылдары "Азаттык" радиосу аркылуу кыргыздын чыгаан композиторлорун, акындарын, ырчыларын, комузчуларын, кыякчыларын жана алардын көөнөргүс мурасын калайыкка тааныштырып, алар тууралуу эл сабатын кеңейтип келген.

Учурда Балбай Алагушев чыгармачылык ишин улантууда. (RK)

XS
SM
MD
LG