Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

"Центерра" компаниясынын директорлор кеңешине мүчөлөр шайланды


"Кумтөр" алтын кени .

"Кумтөр" алтын кени .

“Центерра Голд” компаниясынын акционерлеринин 17-майда Торонтодо өткөн жылдык жыйынында он бир талапкерге добуш берилди. Алар Кыргызстан сунуштаган Бектур Сагынов, Эдуард Кубатов жана Нурлан Кыштобаев, ошондой эле “Центерранын” башкармалыгы көрсөткөн Ричард Коннор, Рафаэль Жирар,Стивен Ланг, Майкл Парретт, Скотт Перри, Шерил Пресслер,Терри Рожерс, Брюс Вальтер.

Жыйында «Кыргызалтын» ишканасы кыргыз тарап сунуштаган Бектур Сагынов, Эдуард Кубатов жана Нурлан Кыштобаевди колдоп, бирок Centerra Gold Inc компаниясы көрсөткөн талапкерлерге добуш берген жок. Калган акционерлердин добушу менен жалпысынан он бир талапкер директорлор кеңешине мүчө болуп шайланганын "Центерра" компаниясы кабарлады.

“Кыргызалтын” “Кумтөр” долбоору боюнча канадалык компания менен пикир келишпестиктерге, анын ишине карата Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын нааразылыгына жана берилген сунуштар көз жаздымда калып жатканына байланыштуу менежмент көрсөткөн талапкерлерге добуш берүүдөн баш тартарын буга чейин жарыялаган. “Центерранын” жетекчилигинин курамын алмаштырууга мезгил келип жетти деген билдирүү тараткан.

Кумтөр кенинин айланасындагы талаш-тартышка 2011-жылдан бери чекит коюла элек. Өткөн аптада Бишкек шаардык район аралык сотунда төрт жылдан бери коюлуп келаткан экологиялык доо арызды кароо башталды. Кыргыз тарап 2012-жылдан бери кен казуудан келтирилген экологиялык зыян 7 миллиард сомго жеткенин айтууда. “Кыргызалтын” “Кумтөрдөгү” акциялардын 32,1 пайызына ээ. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG