Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Нарында жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстарция
Иллюстарция

Нарын облусунда жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Кочкор районунун Кубакы ашуусунда, Бишкек – Торугарт автожолунун 164-чакырымында "КамАЗ" жүк ташуучу машинасы жолдо баратып тоголонуп кеткен.

Ичинде эки адам болгон. Бири - Ысык-Көл облусунун 31 жаштагы тургуну Максат Акматов. Экинчисинин аты-жөнү белгисиз.

Экөө тең кырсык болгон жерден мерт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG