Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамы өзгөртүлдү


Айыл тургундары
Айыл тургундары

Кыргызстанда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Парламентте быйыл 6-апрелде кабыл алынган мыйзам долбооруна мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

Максат - айыл өкмөт башчысынын орун басарын жана айыл башчысын дайындоодогу карама-каршылыктар менен дал келбестиктерди жоюу.

Мисалы, орун басар конкурстун жыйынтыгы менен айыл өкмөт башчысы дайындай турган муниципалдык кызматкер болуп саналары белгиленген.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамда эгер калк конушунан жергиликтүү кеӊешке депутаттар шайланбаган учурда айыл башчысы жергиликтүү кеӊеш жыйындарына, ал эми шаар кеӊешинин жыйындарына тиешелүү айылга таандык маселелер каралган кезде кеӊеш берүү добушу укугу менен катышууга акылуу экени белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG