Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Ататүрк аэропортунда кыргыз консулунун катышуусу менен иликтөө жүрүп жатат


Бул тууралуу консулдуктун катчылыгынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ататүрк аэропортунан кыргыз паспорту менен 98 уйгур улутундагы кытай жаранынын кармалышы боюнча окуя полиция менен чогуу иликтенет.

Окуя тууралуу алгачкылардан болуп жарыялаган “Хурриет” маалымат агенттиги уйгурларды коштоп жүргөн төрт киши кыргызстандыктар эмес экенин билдиришкен. Учурда иликтөөнүн расмий жыйынтыгы күтүлүүдө.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргыз паспорту менен 98 кытайлык уйгурлар кармалган. Аларды коштоп жүргөн төрт киши да кармалганы кабарланууда. Маалыматтарга ылайык, кыргыз паспортун уйгурлар аэропорттогу паспорттук текшерүүдөн өтүп, транзиттик зонада төрт кишиден алышкан. Уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2 500 евродон төлөшкөн деп айтылууда.(AS)

XS
SM
MD
LG